«Мен уялып жатам». Чиновник кыргыз тилин билбегени үчүн депутаттардан кечирим сурады

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрүнөн кыргыз тилин билбегендиги үчүн кечирим сурады.

Депутаттар Кыргыз Министрлер кабинети менен Венгриянын өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндөгү келишимдин долбоорун талкуулашты. Баяндамачы орус тилинде сүйлөдү. Жеңишбек Токторбаев чиновниктен «Кыргыз тилин билесизби жана эмне үчүн парламентте мамлекеттик тилде сүйлөбөйсүз?» деп сурады.

«Мен кечирим сурайм. Бул менин күнөөм. Мен кыргыз болуп туруп, кыргызча түшүндүрүп бере албаганыма кечирим сурайм. Кыргызчаны жакшы түшүнөм, бирок өз оюмду андай айта албайм. Мен орус мектепти жана орус институтун бүтүргөм», — деди Тимур Аскаров.