Бишкек шаарынын Октябрь районунда жарандардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана мүмкүн болуучу массалык баш аламандыктарды алдын алуу максатында 2023-жылдын 24-августунан 31-декабрына чейин бардык түрдөгү тынч жыйындарды, митингдерди, пикеттерди жана жүрүштөрдү өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.
Бул чаралар муниципалдык администрациянын 2023-жылдын 23-августундагы буйругунун жана Октябрь сотунун 2023-жылдын 25-августундагы токтомунун негизинде «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамынын 14-15 беренелерине ылайык көрүлгөн.
Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларга, атап айтканда, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигине караштуу ИИБнын №27 мекемесинин (СИЗО-1), Бишкек шаарынын мэриясынын, Октябрь райондук сотунун, Октябрь райондук прокуратурасынын, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, билим берүү жана медициналык мекемелердин имараттарынын жанында, базарлардын жана соода комплекстеринин аймактарында, «Д. Асанов», «Ынтымак-1», «Ынтымак-2», «Адинай», «Кыргызстан жана Азербайджан достугу», «Ата-Түрк» атындагы сейил бактарында тыюу салынат.
«Социалдык түйүндөрдө белгилүү бир маршрут боюнча автожүрүш тууралуу маалымат таратылууда. Өз кезегинде муниципалитет жогоруда аталган иш-чара тууралуу расмий билдирүү албаганын белгилейбиз. Бишкек мэриясы жарандарды коомдук тартипти сактоого жана мыйзам бузбоого чакырат», — деп жазылат маалыматта.