Аргентина экинчи жолу катары менен финалга чыкты
Түндө футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Англия менен Аргентина курама командалары беттешип, анда учурдун чемпиону болгон аргентиналыктар жеңишке жетип, финалды камсыздады.
Биринчи тайм 0:0 эсебинде аяктады. Экинчи таймдын 55-мүнөтүндө Англия курамасынын жарым коргоочусу Энтони Гордон эсепти ачты. 85-мүнөттө Аргентинанын капитаны Лионель Месси чыгарып берген топту Энцо Фернандес каршылашынын дарбазасына киргизип, эсепти теңеди.