Abank_june
SerepTV Logo

Кадамжайда дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Кадамжайда дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
12-июль күнү Кадамжай РИИБге Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагынын Алга айылынын тургуну 2011-жылы туулган өспүрүм өзүнүн үй-бүлөсүнө таандык автоунааны айдап үйүнөн чыгып кеткенден кийин дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары уюштурулган.

13-июлда кечке маал өспүрүмдүн жансыз денеси Молдо-Нияз айыл аймагына караштуу Таш-Булак жайлоосунда асынган абалда табылган. Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, тиешелүү кароо иштерин жүргүзгөн. Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө маркум өзүнө өзү кол салгандыгы аныкталган. Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле бул окуяга алып келген себептерди толук, объективдүү жана ар тараптуу аныктоо максатында тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.