«Оберон» жана «Оберон-Форт» базарлары кадимки режимде ишин улантат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Административдик соттун чечими менен Кожевенная («Дордой» базары), ошондой эле Сүйөркулов (Орто-Сай базары) көчөлөрүндөгү жалпы аянты 8,1 гектар жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылган. Жер тилкелери кийим-кече базары үчүн колдонулат.
Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү токтомуна ылайык, «Оберон» жана «Оберон-Форт» базарлары Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин карамагына өткөрүлдү.
Жогоруда аталган базарлар, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин алдындагы “Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар” муниципалдык ишканасы менен келишим жаңыртылгандан кийин кадимки режимде иштей баштайт. Учурда базарлардагы соода объектилерин инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп, соодагерлер менен келишим түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул документ базардагы соодагерлерге өз ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүндүк берет, башкача айтканда, Оберон жана Оберон-Форт базарлары кадимки режимде иштейт.