Мэрия: «Ошто ылайлануу азайса таза суу бериле баштайт»

Ош шаарынын бир катар кичи райондорунда 16-мартка караган түнү нөшөрлөгөн жаандан жана селден кийин таза суу берүү убактылуу токтотулган. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Бүгүн, 16-мартта вице-мэр Сонунбек Жунусбаев шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте сел жүргөн Данги тилкесине барды. Анда сел жүргөн себептердин бири болгон карьерди жабуу маселеси каралды. «Ош суу канал» муниципалдык ишканасынын берген маалыматына караганда, Ак-Буура дарыясындагы ылайлануу азайгандан кийин дароо суу берилет. Белгилей кетсек, Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунда, Достук жана Калинин массивдеринде таза суу өчүрүлгөн эмес.