Мештен ис чыкпашы үчүн эмне кылуу керек? Милициядан эскертүү

«Урматтуу жарандар, от жагып жылытуу мезгилинде этият болуңуз, меш жылытууда коопсуздук эрежелерин сактаңыз. Мешти туура эмес колдонуу өрткө гана эмес, жакындарыңыздын өлүмүнө да алып келиши мүмкүн. Күйүүнүн кандай гана түрү болбосун көмүртек кычкылы пайда болуп, ал жытсыз жана түссүз болгондуктан, анын көрүнбөй турганын унутпаңыз». Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, көмүр кычкыл газынын биринчи белгиси – адамдын башы ооруп, муунуп башташы. Жогорку концентрацияда эсин жоготуп, шал болуп калат. Ал эми абадагы газдын концентрациясы 1,2 пайыздан ашса, адам бир нече секунданын ичинде өлөт. Эсиңизде болсун, көмүртек кычкылы менен ууланып калбоо үчүн мештин ылдыйкы көзүн мөөнөтүнөн мурда жабууга болбойт, башкача айтканда, көмүр толугу менен күйгөнгө чейин. Ошол эле учурда уктаардан эки саат мурун мешти жагуу керек.

Ошондой эле, бир катар эрежелерди эстеп алууну сунуштайбыз:

— катуу аязда мешти күнүнө эки-үч жолу бир жарым сааттан ашык эмес жылытуу сунушталат;
— меште эч кандай жаракалар жана жыртыктар болбошу керек, ал эми мору жакшы тартылып, акиташ аралашмасы менен акталган болушу керек. Бул убакыттын өтүшү менен пайда болгон жаракалар ак фондо көрүнө тургандай кылып жасалат;
— жылытуу мезгилинде 2 айда бир жолу морду көөдөн тазалоо керек;
— мештин жана мордун жыгач полдор менен бириктирилген жерде кыш (кирпичтин) калыңдоосу же ортосунда кесилиш болушу керек;
— күйүп жаткан көмүрдүн кокусунан түшүп кетиши өрткө алып келбеши үчүн, жыгач полго от жагуучу жайдын алдына 50×70 сантиметрден кем эмес өлчөмдөгү металл баракты кадап коюу, ал күйбөгөн кирпичтен жасалышы мүмкүн;
— эч кандай шартта оңой күйүүчү суюктуктарды от жагуу үчүн колдонбоңуз;
— жагылып жаткан мешти жана анын эшиктерин кароосуз ачык калтырбаңыз;
— кийим-кече, эмерек, жыгач жана башка күйүүчү материалдарды мештен бир жарым метрден кем эмес алыстыкта кармоо зарыл;
— күлдү жана күйгөн көмүрдү имараттардан 15 метрден жакын жерге калтырбаңыз;
— мешти кароосуз калтырбаңыз жана балдарга өз алдынча от жагууга жол бербеңиз.