«Чалган адамдын талабын аткарууга шашпаңыз». Милиция жарандарга кайрылуу жасады

Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнө жана «102» кызматтарына телефондук алдамчылык фактылары боюнча билдирүүлөр келип түшүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин тийиштүү кызматтары ал кайрылууларды каттоого алып, алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган кеңири ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Телефон шылуундарынын иш-аракеттеринин схемасы жөнөкөй эле. Жарандардын телефон номерлерине шылуундар байланышка чыгып, туугандары же болбосо күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери болоорун айтып, кырсыкка учураганын (жол кырсыктары) тууралуу кабарлап, курьерлер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышкан. Жабыр тарткан жарандардын арасында, чалгандардын көрсөтмөсү боюнча, шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча каражаттарын жөнөткөндөр дагы бар.

Өз кезегинде милиция жарандардан мындай мүнөздөгү чалуулар келип түшкөн учурда сак болууну, кабарды өзүңүз так текшерип, жакындарыңыз менен байланышып тактоону сунуштайт. Чалган шылуундардын талаптарын аткарууга шашпаңыз жана күнү-түнү «102» кыска номери жана милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө токтоосуз кабарлаңыздар.