Милиция: «Таласта өткөн көк бөрү боюнча чемпионатта массалык мушташ болду деген маалымат калп»

Талас районуна караштуу Райкан Алканов атындагы ат майданында 30-октябрь күнү көк бөрү оюнунун аякташында массалык мушташ болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

«Ал жерде көрүүчүлөр арасында түшүнбөстүктөр жаралып, 2 жаранды токмокко алып жиберишкен. Окуяга тийиштүү адамдардын баары Талас РИИБге камсыз кылынып, аталган факты маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. Териштирүү учурунда Бакай-Ата районунун тургундары арыз жазуудан баш тартып, эч кимге доосу жоктугун билдирип, соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми токмокко алган Талас шаарынын тургундарына карата коомдук жайда болгондугуна байланыштуу административдик чара көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.