Министр: «2023-жылдын 1-апрелинде Токтогулдагы суунун көлөмү импортсуз 7,1 миллиард кубду түзүшү мүмкүн»

Суунун келүүсү 2021-жылдын орточо ченеми 105 пайызды түзүп жатат. Былтыр 93-95 пайыз болчу. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

«2022-жылдын суу энергетикалык режими боюнча акыбал боюнча, 1-апрелге биз 7,8 миллиард метр куб менен чыктык. Пессимисттик божомолго ылайык, 1-октябрга 13,5 миллиард метр куб суу менен чыгабыз. Биз, буюрса 2023-жылдын 1-апрелинде суунун көлөмү импорт менен бирге 10 миллиард 800 миллион метр кубду түзөт деп пландалууда. Эгерде импорт болбой калса, суунун көлөмү 7 миллиард 100 миллион метр кубга чейин түшүшү мүмкүн», — деди ал.

Анын айтымында, бүгүн эртең менен суу сактагычта 12,7 миллиард метр куб суу бар болгон.