Министр эмки жылы электр энергиясынын баасын көтөрүү керектигин айтты

Бүгүн, 27-июль күнү жыйын учурунда Энергетика министри Доскул Бекмуразев электр энергиясына байланыштуу маселелерге токтолду.

«Учурда бардык тармакта тариф көтөрүлүп, бир гана электр энергиясына тариф өзгөрбөй кармалып турат. Тариф быйыл көтөрүлбөйт. Бирок эмки жылдан көтөрүүгө туура келет. Анткени Кыргызстан донорлорго 137 миллиард доллар карызды кайтаруусу керек. Аталган каражатка Токтогул, Ат-Башы ГЭСтери, Бишкектеги ТЭЦ, «Датка-Кеминди» жаңылоо иштери жүргүзүлгөн. 2030-жылы өлкө карыздарды кайтарып башташ керек болот. Ал убакка чейин электр энергиянын баасын көтөрүлүү зарыл», — деген министр.

Ошондой эле ал каалоочулар үчүн электр энергиясына жаңы чексиз тарифи иштелип жатканын кошумчалады. «Чексиз тарифти каалагандар кошуп алса болот. Мага 10 киловатт жетпей жатат, кошуп бергиле» дегендер бар. Алар үчүн атайын аталган тарифти иштеп чыгып жатабыз. Анын баасы 5,4  сомдон болот», — деди Бекмурзаев.