Министр эми белгилүү хирург Эрнст Акрамовду «лопух» деди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун ысымын ооруканага эмес, керек болсо, бөлүмгө ыйгарууга татыктуу эмес. «Анткени, ал «лопух», — деди министр. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүнүн ачылышы аземинде журналисттерге билдирди.

Кечээ, 14-мартта министр Эрнст Акрамовдун илими борборун жапканын айткан. Мындан улам, айрым жарандар анын ысымын ал 1992-жылдан бери эмгектенген Чүй облустук ооруканасына ыйгарууну демилгелеп чыгышкан болчу.