Министр Эрнст Акрамовдун илимий борборун жапканын билдирди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 14-мартта Чүй облустук ооруканасында жайгашкан  Эрнст Акрамовдун илимий борборун жапканын билдирди.

Министрдин айтымында, жогорудагы ооруканага жаңы башкы дарыгер дайындалды. «Ал Акрамовду каякка кетирерин мен билбейм. Ал иштебейт, Акрамов ал жакта жашайт. Мен аны кууп чыкпагыла, жашай берсин деп айттым. Анын үйү да, туугандары да жок. Жашай берсин», — деди Бейшеналиев.

Белгилүү хирург, дарыгер-окумуштуу Эрнст Акрамов 85 жашта. Ал Чүй облустук ооруканасында 1992-жылдан бери эмгектенип келет.