1-2-класстын окуучуларына жаңы окуу жылынан баштап баа коюлбайт

Жаңы окуу жылынан баштап 1-2-класстын окуучуларына баа коюлбайт. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, окуучулардын билимин баалоо 3-класстан башталат. Министр мектептеги билим берүү тармагында чет тилдерди жана маалыматтык технологияларды үйрөнүүгө чоң көңүл буруларын кошумчалады.