Министр: «Кечээ ӨКМ кызматкери мыкаачылык менен өлтүрүлдү»

Кечээ, 16-сентябрда ӨКМден 1 адамды жоготтук. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

«Өзүнүн кызматын аткарып жаткан жеринен ок атышууга аралашып кетип, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ага карабастан, кызматкерлер өз ишин аткарып жатат» ,— деди ал.