Министр: «ОшМУнун ректору кызматтан алынган жок, убактылуу кызматтан четтетилди»

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан бошотулган жок, ал иш аяктаганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев билдирди. «Комиссия түзүлдү, иликтенет. Ректордун ишине баа бердик. Ал иштеши керек»,- деди ал.

Ош шаарында 4-ноябрда «Азаттык» партиясы үгүт иштерин жүргүзүп, аянтка жарандарды чогулткан. Иш-чарага студенттер да барган. Бул коомчулук тарабынан сынга алынып, административдик ресурс колдонуу катары сыпатталган. Окуя боюнча Ош ШИИБ комментарий берип, студенттерди окутуучулар экскурсияга барабыз деп алдап, үгүт иштерине алып барганын билдирген. Кечээ, 9-ноябрда окуя боюнча Министрлер кабинети маалымат таратып, Ош шаарындагы студенттердин угүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынганын билдирген эле.