Министр: «Сабырбек Жумабеков директорлуктан бошотулду»

Сабырбек Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, министрлик Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына айландыруу боюнча да буйрук чыгарды.