Министр: «Сентябрдан баштап мектеп директорлорунун жана завучтардын айлыгы көтөрүлөт»

Сентябрдан тарта мектеп директорлорунун жана завучтардын айлыгы жогорулай турганын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мугалимдердин август конференциясынын ачылышында билдирди.

Ал эске салгандай, буга чейин бардык мектеп мугалимдеринин айлыгы көтөрүлгөн.