Министр Текебаев: «Орто-Токойдо эми коопсуз жерде эстеликке сүрөткө түшүүгө болот»

«Ар бир жүргүнчү эми Орто-Токой суу сактагычынан токтоп, айланага көз чаптырып, башкысы коопсуз жерде эстеликке сүрөткө түшө алат». Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев билдирди.

«Кыш мезгилинде Нарын облусуна иш сапар менен бара жатып, жол боюнда токтоп турган туристтерди көрүп, Кыргызстаныбыздын кооз жерлерине кызыккан конокторго жагымдуу шарт түзүү идеясы келген. Дароо жанымдагы кызматкерлерге жол четин тегиздеп, түздөтүп, атайын тосмолорду орнотуу тапшырмасын бергем. Мына минтип, ойлогонубуз орундалып, туристтерибизге жана жарандарыбызга токтоп, эс алууга, сүрөткө түшүүгө жагымдуу шарт түзүлдү», — деди ал.

Министрдин айтымында, дагы да башка жолдордо мындай тосмолорду орнотуп, фотозона уюштуруу планда бар.