Министрдин орун басары: «Көбүнчө толук эмес үй-бүлөлөрдөн барган аскерлер суицидге барышат»

«Акыркы 5 жылда армияда өз жанын кыйгандардын саны азайды». Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов парламенттин комитеттик жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жарандардын аскерде кызмат өтөп жаткандагы жүрүм-туруму алардын моралдык-психологиялык абалына байланыштуу. «Терс жагдайлар жоокердин психологиялык абалына байланыштуу. Көбүнчө толук эмес үй-бүлөдө чоңойгондор суицидге барышат. Акыркы 5 жылда армияда өлүм азайган тенденция байкалууда”, — дейт Алмазбек Карасартов.