Министрлер кабинети: «ККМнын киргизилиши токтотулбайт, убактылуу тыныгуу жарыяланды»

Бүгүн, 13-июнда Өкмөт үйүнүн алдында кассалык аппаратка каршы митинг болуп өттү. Чогулгандардын алдына Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров келип, нааразычылыктарын угуп, кассалык аппаратты орнотууга убактылуу мораторий киргизгенин айткан.

«Бүгүн митингге келген эл менен жолугушуудан улам ККМны колдонууну убактылуу токтотуу жарыяланган. Тагыраак айтканда, 10 күнгө ККМ боюнча текшерүүлөр токтоп, орнотулбагандарга айып тагылбайт. Бирок ККМнын киргизилиши токтотулбайт. 

ККМ 3 категорияга сөзсүз коюлат:

  1. Алкоголдук ичимдик саткандарга;
  2. Тамеки саткандарга;
  3. Дары-дармек саткандарга.

 Митингге чыккандардын арасынан 10 кишиден комиссия түзүлдү. Ошолор Акылбек Жапаров, салык кызматы менен тыгыз иштешип, бүгүнкү кайрылгандардын ар биринин шарты, суроосу эске алынып, ККМны киргизүүгө атайын шарт иштеп чыгышат», — деп билдиришти Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан.