Кыргызстандын маданият кызматкерлери коронавируска каршы вакцинаны сөзсүз алышы керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аткарылышы милдеттүү эмдөөлөрдү талап кылган иштердин тизмеси толукталды. Музейлердин, көргөзмө залдардын, китепканалардын, спорт сарайларынын, театрлардын, кинотеатрлардын, концерттик залдардын, маданий-көңүл ачуучу мекемелердин, балдар аянтчаларынын, балдар лагерлеринин, ден соолукту чыңдоочу борборлордун жана дене тарбия клубдарынын кызматкерлери вакцинаны алууга милдеттүү. Министрлер кабинети белгилегендей, тизмеге алгач жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптар менен иштегендер жана бардык билим берүү мекемелеринин кызматкерлери киргизилген.