Министрлик: «15 жаштагы өспүрүм кыздан башка да каза болгон адамдар бар»

Саламаттыкты сактоо министрлигинен 1 адам өлүмү катталганын, анда 15 жаштагы өспүрүм кыз октон көз жумганын маалымдашты.

«Баткен облусунан алынган оперативдүү маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет», — деп жазылат маалыматта.