• Аллергиялык реакциялар жана башка күчөгөн,, анын ичинде оор жана өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн. Айрым учурда өлүмгө чейин алып барат. Анафилактикалык шок, Квинкенин шишиги 1 таблетканы ичкенден кийин да пайда болушу мүмкүн;
• Ичеги микрофлорасынын бузулушу;
• Бактериялардын туруктуу штаммдарынын көбөйүшү жана таралышы.
• Эч качан өз алдынча дарыланбаңыз;
• Дарыгердин уруксаты жок антибиотиктерди колдонбоңуз;
• Вирустук инфекцияларды дарылоо үчүн антибиотиктерди ичпеңиз, вирустарга таасир этпейт;
• Ооруну алдын алуу үчүн антибиотиктерди колдонууга болбойт;
• Айыга баштаган учурда антибиотикти ичүүнү токтотпостон, дарыгер жазып берген дарылоо курсун толук бүтүрүү керек;
• Дарыгер жазып берген антибиотиктин дозасын өз алдынча алмаштырууга болбойт;
• Эгерде дарылоо курсу аяктап, ал эми антибиотик калып калса, калдыктарын “кымбат болчу, калтырып койгум келбейт” деп ичип түгөтүүнүн кажети жок;
• Сизге жазылган антибиотикти башка адамдарга бербеңиз.
Эгерде дарыгер сизге антибиотик жазбаса, бул анын жазгысы келбей койгонун билдирбейт, демек ал сизге көрсөтүлгөн эмес. Аны сурап, даттанып, башка дарыгерлерге чуркоонун кереги жок.