31-май күнү саат 15:12де Чүй РЭСине жергиликтүү тургундар телекомдун жыгач мамысында адам илинип турганын айтып чалышкан. РЭСтин ыкчам бригадасы кыска аралыкта келип, илинип турган адамды жерге түшүрүшкөн. Ал 1966-жылы туулган Ш.К. аттуу АТСтин телефонисти болгон. Телеком кызматкери телефон линиясын тартуу үчүн мамыга чыгып токко урунган. Ал кызматкер эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эмес жана Чүй РЭСине маалымат берген эмес. Эгерде РЭСке маалымат берилгенде РЭС тарабынан коопсуздук үчүн электр энергиясы өчүрүлмөк.
Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...






