Министрлик электр энергиясын колдонууда кубатуулукка киргизилген чектөө боюнча түшүндүрмө берди

Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонууда кубатуулукка киргизилген чектөө боюнча түшүндүрмө берди.

«Энергетика министрлиги керектөөчүлөргө электр энергиясын колдонуу үчүн берилген техникалык шарт менен электр эсептегичтерге инвентаризациялоо иштерин жүргүзүүдө. Анын негизинде көпчүлүк ишканалар электр энергиясын өндүрүш үчүн колдонууга деп документ алып, иш жүзүндө жылытуу үчүн колдонуп жатканы белгилүү болду. Бул факт боюнча акт түзүлүп, пломбалар басылууда. Ал эми жөнөкөй абоненттер электр энергиясын колдонуу эрежесине ылайык, эки же андан ашык тиричилик техникасын бир эле учурда иштетүүгө уруксат берилбейт. Трансформаторлор алдын ала эсептелген кубаттуулукка жараша иштейт. Трансформатор ашыкча жүктөм менен иштесе, электр жабдуулары иштен чыгуу коркунучу бар»,— деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, айрым абоненттер электр энергиясын пайдалануу эрежелерин сактабай, бир учурда бир нече тиричилик техникасын колдонуп жатканын айтышты.

«Айрым абоненттер электр энергиясын пайдалануу эрежесин сактабай, бир эле убакта бир нече тиричилик техникасын колдонуп жаткандыктан электр эсептегичтерге лимит коюлууда. Эгер аталган эрежени аткарсаңыз эле лимитти сактаган болосуз. Ошондуктан тиричилик техникаларын баарын бир учурда эмес, кезек-кезеги менен иштетиңиз. Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу чакырат»,- дешти министрлик.