Министрлик кызматтан алынган Алымкадыр Бейшеналиев «Алтын балалыкты» жетектеди

Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган Алымкадыр Бейшеналиев «Алтын балалык» реабилитациялык борборго директор болуп дайындалды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине министрликтен тастыкташты.

Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип июнь айынын башында кармалган соң кызматтан убактылуу четтетилген. Жакында эле ага карата кылмыш иши кыскартылганы маалымдалган.