Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга 7 миллиард сом бөлүнөт

Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 7 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу кечээ, 30-августта Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 1-августунан тарта бюджеттик тармакта иштегендердин айлык акысын жогорулатуу пландалган. Программа 58 миңге жакын кызматкерди камтыйт. «Бул иш-чараны ишке ашырууга эмгек акы төлөө фондуна бюджетте 7 миллиард сомго жакын каражат каралган», — деп айтылат маалыматта.