Министрлик облустук гезиттердин редакцияларын жоюу жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыкты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Министрлер кабинетинин “Облустук гезиттердин редакцияларын жоюу жөнүндө” токтомунун долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ага ылайык облустук мамлекеттик гезиттеринин редакцияларынын жоюлушу белгиленген. «Калкка маалыматты тез жеткирүүдө телекөрсөтүүгө, радиого жана мобилдик интернетке салыштырмалуу облустук гезиттер оперативдүүлүк жактан артта калууда. Ошол себептен, мезгилдүү басылмалардын маалымат жеткирүү боюнча форматын дагы өзгөртүү керек. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги облустук гезиттердин редакциялары боюнча маселелерди коомчулук жана медиа-рыноктун өкүлдөрү менен талкуулоолорду жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет. Жогоруда аталган токтом долбоор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылды, коомдук талкуу учурунда түшкөн сунуштардын негизинде облустук гезит редакцияларынын мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча чечим кабыл алынат»,- деп айтылат маалымата.