Мирлан Самыйкожо: «Бактыбек Мамытов жаркыраган шамдай болуп, жанып турчу. Бүгүн ошол шам өчтү»

Бүгүн, 21-майда белгилүү диктор Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Депутат Мирлан Самыйкожо Бактыбек Мамытовду ар бир Кыргыз жараны жоктоп жатканын айтты.

«Айтаарга, дээрге, сүйлөөргө сөз табылбай калат экен. Көгүлтүр экрандын күзгүсү кетти. Жаркыраган күзгү катары кыргыз журтуна кызмат кылды. Бүтүн кыргыз, элеттеги энелер, аталар, агалар, бөбөктөр жоктоп турат. Анткени Бактыбек агайыбыз ар бир элеттеги жашоонун арасында, ар бир үйдө болчу. Ар бир үйдө Бактыбек Мамытов куттук айтчу. Өзгөчө адамдык сапаты менен жаркыраган шамдай болуп, жанып турчу. Бүгүн ошол шам, жарык өчтү. Бактыбек агай, сиз өмүрүңүздүү өрнөктүү өткөрдүңүз», — деди эл өкүлү.