Миталип Мамытовдун илимий ишине арналып Улуттук госпиталда туу көтөрүлдү

Улуттук госпиталдын ардактуу кызматкери, кыргыз медицинасынын корифейлеринин бири болгон Миталип Мамытовдун илимий ишмердүүлүгүнө арналган туу көтөрүү аземи болуп өттү. Иш-чарага Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, оорукана башчысы Токтобай Маанаев, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз эл баатыры Миталип Мамытов, Бишкек шаардык аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү жана дарыгерлер катышты.

Министр Миталип Мамытовдун кыргыз медицинасынын түптөлүшүндөгү орду жана илимдүү кадрларды даярдоодогу эмгегин баса белгиледи: “Улуттук госпитал бүгүнкү күндөгү медицина мекемелеринин ичинен биздин флагманыбыз деп айтабыз. Өлкөбүздүн булуң бурчунан келген бейтаптарды кабыл алган эң ири жана алдыңкы медициналык мекемелердин бири. Урматтуу Миталип Мамытович, ушул оорукананын түптөлүшүнө, бүгүнкү деңгээлгэ жетишине кошкон зор салымынызды айтпасак болбос. Сиздер түптөгөн жол менен артыңыздарда биз келе жатабыз”.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев сөз сүйлөп жатып, Миталип Мамытовдун туулган күнүнө туш келген туу көтөрүү аземин кыргыз эли үчүн жасаган эмгегин баалап, анын ишмердигине арнаганын айтты: “Ал 1965-жылдан тартып Улуттук госпиталда эмгектенип, талбаган эмгегинин артында миңдеген дарыгерлерди тарбиялар өстүрдү. Бүгүнкү күндө да акыркы дүйнөлүк технологиядагы операцияларды жасап, миңдеген кыргызстандыктардын өмүрүн сактап келе жатат”.