Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Семетей айылында жашаган 3 миңден ашык киши жерлерин мамлекетке кайтарып бериши керек. Бул тууралуу райондун акими Аманкан Кенжебаев билдирди.
Анын айтымында бул жерде жашаган жарандар башка аймактан жер участогун алышат.
“Манас аэропортунан анча алыс эмес жайда жайгашкан Семетей айылындагы тургундарга бул жерлер 2009-жылы берилген. Бирок ал жерге аэропорттун экинчи тилкесин куруу пландалган экен. 2009-жылы жарандар митингге чыгып, жер бөлүп берүү талабын койгондо мамлекет шашылыш түрдө Семетей айылынын аймагын бөлүштүрүп берүү чечимин чыгарган. Азыр бул чечим жокко чыгарылды. Ал жерде жашагандарга болсо Токойлуу Ат-Башы айыл аймагынан жер бериле турган болду. Учурда 345 гектар жер берилди”,_ деди Кенжебаев.









