Моргенштерн «Крокус сити холлдо» жүздөгөн өмүрдү сактап калган Кыргыз жаранына 1 миллион рубль которду

Белгилүү орусиялык рэпер Моргенштерн «Крокус сити холлдогу» кандуу окуяда жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган 15 жаштагы өспүрүм Исламга 1 миллион рубль которгонун билдирди. Ал өз видеосунда Ислам менен байланышканын да айткан.

Буга чейин Орус ЖМКлары “Крокус сити холлдогу” кандуу окуяда 15 жаштагы Ислам аттуу мектеп окуучусу жүздөгөн адамды сактап калганын жазган. Анын Кыргыз жараны экенин президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Москвадагы каргашалуу окуяда жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Ислам менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Атасы Бактияр Сузактан, апасы Айпери Өзгөндөн экен. 3 бир туугандын эң улуусу. Баатыр мекендешибизге даңк!» — деп жазган ал.