Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу боюнча муфтий отставкага кеткен учурда шайлоого чейин анын орун басары муфтийдин милдетин аткарат. Учурдагы орун басар — Жоробай ажы Шергазыев.
Муфтияттын маалыматы боюнча, дагы бир орун басар Кадыр Маликов үй-бүлөлүк абалына байланыштуу ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон.
Аалымдар кеңеши 11-февралда жыйынга чогулуп, муфтий Максат Токтомушевин отставкасын кабыл алган болчу.