Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Муфтияттан билдиришти.
«Видеодо айтылган маалыматтар кандай максатта айтылгандыгын териштирет», — деп кошумчаланат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда дин таануучу Садыбакас Дооловдун «Аялдын эти арзандап, койдун эти кымбаттады» деген сөзү талкуу жараткан.