Муфтият: «Күнүмдүк жыргалчылык жана саясат үчүн Куранды бурмалабагыла!»

Муфтият күнүмдүк жыргалчылык жана саясат үчүн Куранды бурмалабоого жана булгабоого чакырды. Мындай чакырык Муфтияттын сайтында жарыяланды.

«Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Анткени Куранды бурмалоо бул чоң күнөө эле эмес, Алланын каарын алып келет. Алланын каары келсе, пенденин колунан эч нерсе келбейт. Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок. Динди, Куранды билбеген инсан Куран аятын окуп, анын түпкү маанисине түшүнбөй туруп чечмелөөсү туура эмес», — деп айтылат маалыматта.

11-майда Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Талкуу учурунда депутат Арсланбек Малиев колуна Куран китебин алып, анда кумар оюндарынын “бир аз пайдасы бар” деп жазылганын окуп берген.