Мугалимдер бир күндүк айлыгын баткендиктерге которду

Мугалимдер бир күндүн айлыгын баткендиктерге которду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Билим берүү жана илим министрлиги Баткен облусундагы өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу, материалдык колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында жайгашкан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 1 күндүк айлыгын Баткен облусунун тургундарына кайрымдуулук жардамын көрсөтүү үчүн бирдиктүү эсепке которуу чечимин кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.