Мухаммад жана Салиха. Дагы кандай ысымдар өлкөдө быйыл төрөлгөн чүрпөлөргө көп ыйгарылды?

dav

Быйыл өлкөдө уул балдарга эң көп Мухаммад, ал эми кыз балдарга Салиха ысымы ыйгарылган. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен быйыл төрөлгөн ымыркайларга кандай ысымдар көп берилгенин маалымдашты.

Кыздарда Салиха (3 904), Амина (2 969), Фатима (2 804), Раяна (2 786), Алия (2 426), Айлин (2 426), Альфия (2228), Сафия (2223), Аруузат (2221), Хадича (2179) деген аттар да көп кездешет.

Уул балдарга Мухаммад (5 112), Умар (4 577), Али (2 838), Билал (2 505), Амир (2 436), Алихан (2 436), Нурислам (2042) Алинур (2 023), Усман (1 937), Эмир (1 657) ысымдарын көбүрөөк ыйгарышкан.