"Мунун бардыгы калп". Ташиев Temirov LIVE каналына байланыштуу видеолор боюнча үн катты
"Temirov LIVE каналынын кызматкерин опузалоого УКМКнын тиешеси жок". Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
"Мунун бардыгы калп, себеби Болот Темиров боюнча УКМК эч кандай маалыматтарды тараткан жок. Маалыматы да жок. Биз тергөө жүргүзүп жаткан жокпуз. Ал ИИМде. Ага тиешебиз жок. Мен шантаж боюнча билбейм. Мен эч нерсе окуган жокмун, талаада жүрөм", - деди ал.
жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишкен. Ушул эле күнү аталган каналда иштеген төкмө акын Болот Назаровдун да кармалганы маалым болгон.