«Мурас Юнайтед» клубунун футболчулары Жалал-Абад шаарына келишти

Бүгүн, 19-мартта «Мурас Юнайтед» футболдук клубунун оюнчулары Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Аларды аэропорттон облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, калаа мэри Эрнисбек Ормомоков жана клубдун жетекчилери тосуп алышты. Бул Жалал-Абад облусунун тарыхындагы алгачкы футболдук курама команда. Алар 21-март күнү шаардагы Курманбек стадионунда биринчи оюнун өткөрүшөт.