«Мурдагы бетимди кайрыгым келет» деген келин: «Мага окшоп операциядан жабыркаган дагы бир келин бар экен»

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 33 жаштагы Асел Корчуева аттуу жаран кайрылып, Бишкектеги косметологиялык клиниканын кызматынан жапа чеккенин айткан. Редакция бүгүн, 18-октябрда келин менен байланышканыбызда, ошол эле кыздан жабыркаган дагы бир жаран баран экенин айтты.

«Мага окшоп жабыркаган дагы бир келин бар экен. Ал да кулактын артына жасатыптыр. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлигине барып, арыз жаздык. Биз биригип, аягына чейин чыгабыз. Азыр документ толуктап, тактап жүрөбүз»,- деди ал.