Бүгүн, 12-февралда мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду. Ал 63 жашта болчу. Бул тууралуу ИИМден тастыкташты.
Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Майлуу-Сууда туулган. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Ички иштер органдарындагы кызматын 1979-жылы баштап, катардагы милиция кызматкеринен тартып түрдүү кызматтарды аркалаган. 2008-жылы ички иштер министри кызматына дайындалган. 2010-жылы 6-апрелде оппозициянын митинги өтүп жаткан Таласка барып, 7-апрелге караган түнү катуу сабалган.