Мурмансктын экс-мэри Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды

Мурманск шаарынын экс-мэри Станислав Кондратьев Москвада Кыргызстандын жасалма айдоочулук күбөлүгү жана паспорту менен кармалды. Ал курал ташыган деп шектелип жатканын Shot Telegram каналы билдирди.

Экс-чиновниктен травматикалык тапанча, үч бычак, ок өтпөс жилет табылган. Полиция Станислав Кондратьевге курал эмне үчүн керек болгонун жана кандай максатта жасалма документтерди жасаганын аныктайт.