«Мууздалып, кулактарын кесип…». 40 аскер кызматкери Тажикстандын кол салуусунан каза болду

40 аскер кызматкери Тажикстандын кол салуусунан каза болду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы маалымат жыйында билдирди.

Ал буга чейин мындай сөөк кордолгонун көрбөгөнүн айтты. «Мууздалып, кулактарын кесип…» деди ал. «Буга чейин мындай болгон эмес. Тарап жаткан видеолордон көрсөңүздөр керек, ошолордун арасындагы бирөө Ооганстандын жараны экен. Айрымдары жалданмалар болушу мүмкүн»,- деди ал.

Жалпы каза болгондордун саны 59. Тизме жарыялана элек.