Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришкен.

4-май түнү саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-54-чакырым аралыктарын сел суулары каптап, кум-шагылга толтурган. Кечээ жолдун жабык экени кабарланган.