«Надира Нарматова, мандатты тапшыр!». Жөө жүрүштө активист оозуна кулпу көтөрүп келди

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өтүп жатат. Жөө жүрүш темир жол бекетинен башталып, «Ала-Тоо» аянтында аяктайт.

Жөө жүрүшкө жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров «Надира Нарматова, мандатты тапшыр» деген плакат көтөрүп, оозуна кулпу көтөрүп келди. «Эркин Кыргызстанда жашагыңар келсе, анда Надира Нарматованын Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырууга үндөйм. Анын кылганы туура эмес. Ал дайыма Кыргызстандын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет деп эсептейм», — деди ал.