Нариман Түлеев пайдубалга ырымдап 5 миң сомдукту салып жаткан видеосу менен бөлүштү

Борбор калаанын мурдагы башчысы, экс-депутат Нариман Түлеев бүгүн, 21-мартта майрам күнү курулушчуларда эс алуу жок экенин айтып, видео менен бөлүштү.

«Майрам келди, баарын куттуктайм, бирок курулушчуларда эс алуу жок. Бүгүн бетон куюп баштадык», — деп жазып, пайдубалга ырымдап 5 миң сомдукту салып жаткан видеосу менен бөлүштү.

Саясатчынын айтымында, имарат курулууда, анын бир бөлүгү 20 кабаттык, экинчи бөлүгү 6 кабаттык болот. Жаңы курулган имараттарда кафе-ресторандар, коворкинг-борборлор, кеңселер, мейманкана болору пландалууда.