Наристе көтөргөн аял Ак үйдүн алдына жалгыз митингге чыкты. “Күйөөм менен күндөшүм баламды тартып алышты” дейт ал

Ушул жылдын 29-октябрында Ош шаарындагы имараттардын биринин 10-кабатынан боюн таштоого аракет кылган 35 жаштагы келин куткарылганын Ош ШИИБи билдирген эле. Келин бул кадамга баруусунун себебин баласын жолдошунан ала албай жаткандыгы менен түшүндүргөн. Борборго акыйкаттык издеп келген Нурила Төрөканова бүгүн, 6-декабрда Ак үйдүн алдында жалгыз нааразычылык акциясын уюштурду. SUPER TV телеканалы келинден окуя тууралуу сурап, мындай жооп алды:

“Мен акыйкаттык издеп жүрүп, барбаган жерим калбады. Уулум Нуржигитти жарандык никедеги жолдошум, анын биринчи аялы жана жолдошумдун апасы тартып алган. 8 айдан бери баламды көрө албай убарамын. Бир катар укук коргоо органдарына кайрылдым. Бирок менин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына киреримди айтып, маселени жолдошумдун пайдасына чечип жатышат. Ушундан улам, нааразычылыгымды билдирип, жалгыз митингге чыгып, президентке кайрылып жатам».