Министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов өздүк курамдын алдында сүйлөп жатып: “Өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун сактоо үчүн мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан атайын унаалар бөлүнүп берилди. Милиция кызматкерлеринин ишине жана жарандардын коопсуздугуна ар тараптан колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ИИМдин жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдирем. Аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, унааларды Жалал-Абад жана Нарын облустук ички иштер органдарына тапшырабыз», — деди.
Айгүл Жапарова, Эмине Эрдоган жана Анико Леваи “Ала-Арчада”…
Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдоган Венгриянын премьер-министринин жубайы Анико Леваи менен биргеликте Улуттук тарых музейиндеги...