Бүгүн, 4-ноябрдаНарын шаарында 120 орунга эсептелген “ Керемет” бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу УКМКнын негизги милдеттеринин бири экендигин белгиледи. Төрага УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады. Мындан улам, учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.